Башкы беткеПрезидентБүгүн Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Бүгүн Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Бүгүн, 30-июлда Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Анда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстандын Президентинин мамлекеттик сапары эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, ошондой эле достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар