Башкы беткеЭкономикаКыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1,3 миллиард долларга жетти

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1,3 миллиард долларга жетти

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө жакынкы келечекте өз ара соода жүгүртүүсүн 2 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда.

Министр белгилегендей, бул көрсөткүчкө жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан менен Өзбекстандын ишканалары жана компаниялары өз ара кызматташууга кызыкдар болуп, зарыл болгон каржылык жана жөнгө салуучу инфраструктура да акырындык менен калыптанууда.

Учурда эки тараптуу Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Анын алкагында бир катар инвестициялык долбоорлор каралып, бул механизм келечекте эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасын дагы кеңейтүүгө шарт түзөрү айтылды.

Ошондой эле тараптар өнөр жай, машина куруу, фармацевтика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар. Атап айтканда, айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Бакыт Сыдыковдун айтымында, жакынкы мезгилде Нарын, Ысык-Көл жана башка облустарда айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча жаңы долбоорлор башталып, өндүрүлгөн продукция Өзбекстандын рыногуна экспорттолот.

Мындан тышкары, Кыргызстанда ири логистикалык борборлорду куруу боюнча иштер уланууда. Бул долбоорлор ишке ашса, эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташууну жеңилдетип, соода байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Министр эң ири стратегиялык долбоорлордун бири катары «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун атады. Анын айланасында транспорттук-логистикалык инфраструктура өнүгүп, аймактагы соода жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жана экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөрү белгиленди.

«Биз бирдиктүү аймактын жана жалпы рыноктун бөлүгүбүз. Эки тарап тең кооперацияны өнүктүрүүгө кызыкдар. Ар бир өлкөнүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар жана аларды биргелешип ишке ашыруу маанилүү», — деди Бакыт Сыдыков.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар