Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин жекеме-жеке сүйлөшүүсү, ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйыны өтөт.
Күтүлүп жаткан мамлекеттик сапар кыргыз-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.



