Башкы беткеПрезидентКыргызстан менен Өзбекстан союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Өзбекстан союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында 30-июлда кыргыз-өзбек кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгара турган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Эки өлкөнүн президенттери Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары мамлекеттик чек араны тактоо, Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу, чек ара өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу, социалдык камсыздоо жана пенсия, жарандардын өз ара барып-келүүсү, коргонуу, туризм, маданият, айыл чарба, жогорку билим берүү жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган келишимдер жана иш-чаралар пландары бекитилди.

Кол коюлган документтер эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар