Башкы беткеЭкономикаКыргызстанга бир айда дээрлик 288 млн доллар которулду

Кыргызстанга бир айда дээрлик 288 млн доллар которулду

2026-жылдын май айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 287,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө акча которулган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөгө келген акча которууларынын негизги бөлүгү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдөн түшкөн. Тактап айтканда, КМШ мамлекеттеринен 252,4 млн доллар, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 35,5 млн доллар которулган.

Ошол эле учурда май айынын жыйынтыгында Кыргызстандан чет өлкөлөргө жалпы 35,7 млн доллар жөнөтүлгөн. Анын 33,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 2,2 млн доллары алыскы мамлекеттерге которулган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, май айында өлкөгө келген акча которуулары сыртка жөнөтүлгөн каражаттын көлөмүнөн сегиз эсеге жакын көп болгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар