Башкы беткеПрезидентЖапаров менен Алиев экономика, инвестиция жана энергетика боюнча кызматташууну кеңейтүүнү сүйлөштү

Жапаров менен Алиев экономика, инвестиция жана энергетика боюнча кызматташууну кеңейтүүнү сүйлөштү

Чолпон-Ата шаарында Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрү өттү.

Жолугушууда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров экономика, инвестиция, транспорт, энергетика жана билим берүү тармактарында биргелешкен иштерди кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Алдыдагы макулдашуулар кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоого жана эки элдин кызыкчылыгына кызмат кыларын айтты.

Өз кезегинде Илхам Алиев Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жогору баалап, өлкөлөр ортосундагы достук жана союздаштык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде Карабахтын Агдам районунда курулган “Айкөл Манас” атындагы мектепти, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердигин жана туризм тармагындагы кызматташтыкты белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери жетишилген келишимдер кыргыз-азербайжан алакасын жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар