Башкы беткеМаданиятУлуттук тарых музейине Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат өткөрүлүп берилди

Улуттук тарых музейине Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат өткөрүлүп берилди

Кыргыз улуттук тарых музейинин фондусу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат менен толукталды.

Бул тууралуу музейдин директору Назгүл Өмүрзакова Абдыкерим Сыдыковдун небереси Эрмек Сыдыков жана тарыхчы-окумуштуу, коомдук ишмер Зайнидин Курманов менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда улуттук тарыхый мурастарды сактоо, музей фондуларын байытуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында Зайнидин Курманов музейдин илимий китепканасына өзүнүн илимий эмгектерин жана тарыхый адабияттарды белекке тапшырды. Ал эми Эрмек Сыдыков Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата Абдыкерим Сыдыковго ыйгарылган мааракелик медалды жана ага тиешелүү күбөлүктү музейдин фондусуна өткөрүп берди.

Музейдин директору Назгүл Өмүрзакова бул демилге улуттук тарыхый мурастарды сактоого жана аларды келечек муундарга жеткирүүгө кошулган олуттуу салым экенин белгиледи. Анын айтымында, музей тарыхый баалуулуктарды изилдөө, илимий-усулдук кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык.

Жолугушуунун соңунда коноктор Кыргызстандын XX кылымдын 20–30-жылдарындагы тарыхына арналган музейдин туруктуу экспозициясы менен таанышышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар