Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы астында Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Отурумда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган балдарды репатриациялоо, социалдык кызматкерлер институтун өнүктүрүү боюнча Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу, балдар менен жаштарды руханий-адептик тарбиялоо, үй-бүлө институтун чыңдоо, позитивдүү ата-энеликти өнүктүрүү жана 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө, ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүүгө, социалдык колдоо системасын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чечимдер кабыл алынды.



