Башкы беткеЭкономикаКыргызстандагы алгачкы ири күн электр станциясы иштеп жатат

Кыргызстандагы алгачкы ири күн электр станциясы иштеп жатат

«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү менен Кытай Эл Республикасынын «Жэньминь жибао» гезитинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында уюштурулган пресс-турдун катышуучулары Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан «Этернал Энергия» компаниясынын күн электр станциясынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

230 гектар аянтка курулган кубаттуулугу 100 мегаватт болгон бул станция Кыргызстанда өнөр жайлык масштабда курулган алгачкы күн электр станциясы болуп эсептелет. Долбоорго жалпысынан 56 миллион АКШ доллары инвестиция тартылган.

Станциядагы күн панелдери автоматтык башкаруу системасы менен жабдылган. Алар күндүн кыймылына жараша өз алдынча бурулуп, күндүн нурун максималдуу деңгээлде кабыл алуу аркылуу электр энергиясын натыйжалуу өндүрөт.

100 мегаватт кубаттуулук өлкөнүн энергетикалык системасын кошумча электр энергиясы менен камсыздоого салым кошууда. Ошондой эле долбоордун кийинки этабында станциянын кубаттуулугун дагы кеңейтүү каралган.

Пресс-турдун жүрүшүндө кыргызстандык жана кытайлык 30дан ашуун журналист Кытай менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар