Бүгүн, 3-августтан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Маалыматка ылайык, монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга кадам таштап бараткан ак илбирс сүрөттөлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары өлкөнүн улуулугун, күчүн жана жаратылыш байлыгын туюндурат. Монетаны айлана «Эгемен Кыргыз Республикасы» деген жазуу курчап, төмөн жагында «100 С» номиналы жана «35 жыл» деген белги жайгашкан.
Арткы бетинде «35» санынын ичинде кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери менен кооздолгон фондо Кыргызстандын мамлекеттик герби чагылдырылган. Сол жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу жана чыгарылган жылы, ал эми төмөн жагында металлдын сапаты (Au 999) жана салмагы (7,78 г) көрсөтүлгөн.
«Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 99 460,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00 дөн 14.00гө чейин сатылат.



