Башкы бетке∅Жерде августтагы биринчи магниттик бороон башталды

Жерде августтагы биринчи магниттик бороон башталды

Жерде августтагы биринчи магниттик бороон башталды, деп билдирет Күн астрономиясы лабораториясы. Бул жай айларындагы алтынчы геомагниттик бороон болуп калды.

Адистердин маалыматы боюнча, плазманын бөлүнүп чыгышы Жерге бир нече саат мурда жеткени менен, көрсөткүчтөр кийинчерээк жогорулаган. Учурда анын күчү G1 (калыбына келтирүүчү чакан шамал) жана G2 (орточо деңгээлдеги шамал) көрсөткүчтөрүнүн ортосунда болууда.

Окумуштуулардын болжолунда, геомагниттик толкундоо узакка созулбайт — болжол менен 4-6 сааттан кийин абал турукташа баштайт.

Мындай күндөрү айрым адамдардын башы ооруп, алсызданып, кан басымы өзгөрүп же уйкусу бузулушу мүмкүн. Мындан улам дарыгерлер ашыкча күч келтирбөөнү, көбүрөөк суу ичүүнү жана ден соолукту көзөмөлдөөнү сунушташат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар