Башкы беткеЭкономикаБалыкчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу 2027-жылы башталат

Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу 2027-жылы башталат

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына чейинки темир жолдун курулушу 2027-жылы башталат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргыз темир жолу”  улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин  иштеп чыгууга гранттык каражат табылган. Жакынкы аралыкта даярдалып, темир жол кайсы багыт менен өтөрү аныкталат.

“Изилдөө иштери өтө кылдат жүргүзүлөт. Бул темир жолдун коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү”, — деди Сакиев.

Буга чейин Ысык-Көлдү айланып өткөн шакек темир жолду куруу өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири катары ишке ашырыла турганы маалымдалган. Долбоордун биринчи этабында Балыкчы – Чолпон-Ата, андан кийин Чолпон-Ата – Каракол тилкелерин куруу пландалууда.

Ошондой эле Азамат Сакиев келечекте жаңы темир жол каттамдарын ачуу каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, келерки жылы Кочкор – Бишкек багыты боюнча жүргүнчү поездин ишке киргизүүнүн актуалдуулугу да талданат. Бул Нарын облусунун тургундарынын борборго поезд менен ыңгайлуу каттоосуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар