Marvel студиясынын жаңы тасмасы «Жөргөмүш киши: Жаңы күн» (“Человек-паук: Новый день) прокаттын алгачкы көрүүсүндө эле дүйнө жүзү боюнча 927 миллион доллар киреше таап, кино тарыхындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бирин жасады.
Тасма АКШда 335 миллион доллар, ал эми эл аралык прокатта 572 миллион доллар чогултту. Ошондой эле ал Sony студиясынын тарыхындагы эң кирешелүү дебют болду.
Эксперттердин баамында, тасма жакынкы күндөрү 1 миллиард долларлык чекке жетет. Мындан тышкары, жаңы «Жөргөмүш киши»(“Человек-паук”) Кристофер Ноландын «Одиссея» тасмасынын дүйнөлүк кирешесин болгону төрт күндө ашып өттү.



