АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү бугүн, 3-августта башталарын билдирди. Анын айтымында, тараптар сүйлөшүүгө даяр, ал эми Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Иранга каршы соккуларды убактылуу токтотууга чакырышкан.
Трамптын билдиришинче, Ормуз кысыгы боюнча негизги макулдашуулар жетишилген жана эми өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Бирок Иран азырынча сүйлөшүүлөрдүн датасын же ага катышууга даяр экенин расмий ырастай элек.
Трамптын билдирүүсүнөн кийин дүйнөлүк мунай баасы төмөндөдү. Ошол эле учурда АКШ Иран менен тынчтык жолу аркылуу келишимге жетишүүгө аракет кыларын белгиледи.



