Бишкектен Ошко чейин 6–8 саатта жете турган ылдам поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы темир жол аркылуу Бишкектен Ошко 6–8 саатта жетүүгө болот. Ошондой эле бул долбоор Бишкек – Ош жана Түндүк – Түштүк унаа жолдорундагы жүктү азайтып, күйүүчү май жана башка жүктөрдү темир жол аркылуу ташууга шарт түзөт.

“Бул долбоор Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу байланыштырган өтө маанилүү багыт болуп саналат. Учурда өлкөдө Тоо-Ашуу аркылуу өткөн автожол жана жаңы курулуп бүткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолу бар. Бирок, бул каттамдар практикада жогорку жүктөм менен иштеп жатат. Темир жол курулса, жүктөрдүн негизги бөлүгү темир жол аркылуу ташылат. Бул биринчиден, логистикалык чыгымдарды азайтат, экинчиден автожолдордогу жүктү жеңилдетет. Үчүнчүдөн, коопсуздукту камсыздайт. Биз келечекте Бишкектен Ошко поезд менен 6–8 саатта жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү көздөп жатабыз. Бул багыт ылдам жүрүүчү поезд катары каралат. Бардыгы техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгына жараша болот”, — деди Сакиев.

Ал белгилегендей, аталган темир жол долбоору өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүп, аймактар аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар