2026-жылдын башынан бери Европа Биримдигинин токой өрттөрүнөн эң көп жабыркаган беш өлкөсүндө келтирилген зыян 3,1 миллиард евродон ашты. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, Франция, Испания, Португалия, Греция жана Румыниядагы өрттөрдүн кесепетинен келген чыгым Европа комиссиясы эсептеген Евробиримдик боюнча жылдык орточо көрсөткүчтөн жогору болду.
Өрт сезону башталгандан бери аталган өлкөлөрдө дээрлик 500 миң гектар токой жана башка аймактар күйүп кеткен. Адистер учурда камсыздандыруу төлөмдөрү, турак жайлардын жана ишканалардын чыгымдары, айыл чарбадагы жоготуулар жана туризм тармагындагы кирешенин азайышы толук эсептеле электигин белгилешүүдө. Ошондуктан жалпы экономикалык зыян дагы өсүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, Европадагы кургакчылык ири дарыялардагы суунун деңгээлин төмөндөтүп, жүк ташууларга жана өнөр жай ишканаларынын ишине терс таасирин тийгизүүдө. Айрым атомдук электр станцияларында да иш убактылуу чектелген.
Белгиленгендей, май айынан бери Европанын бир катар өлкөлөрүндө аптаптуу ысык сакталып, масштабдуу токой өрттөрү катталууда. Франция менен Испанияда жүз миңдеген тургун эвакуацияланып, бир катар ишканалар өз ишин убактылуу токтотууга аргасыз болгон.



