Кыргызстандын Улуттук банкы 4-августка карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун бекитти.
Расмий маалыматка ылайык, 1 АКШ доллары – 87,45 сом, 1 евро – 100,78 сом, 1 орус рубли – 1,09 сом, 1 казак теңгеси – 0,18 сом, ал эми 1 кытай юаны – 12,94 сом болуп белгиленди.
Ошол эле учурда коммерциялык банктарда АКШ доллары орточо 87,38 сомдон сатып алынып, 87,80 сомдон сатылууда. Ал эми орус рублинин сатып алуу баасы 1,02 сом, сатуу баасы 1,11 сом деңгээлинде сакталууда.



