2026-жылдын башынан бери өлкөдөгү мектептер үчүн жалпы 2 млн 945 миң 58 нускадагы окуу китептери жана окуу-усулдук материалдар басылып чыгарылды.
Алардын арасында математика, табигый илимдер жана 1-класстын окуучуларына арналган окуу материалдары бар.
Тактап айтканда, 3-класстын математика сабагы боюнча 696 миң нуска, “Мен жана дүйнө” окуу китеби боюнча 714 миң 48 нуска даярдалган. Ошондой эле 5-класс үчүн окуу китеби жана иш дептери — 306 миң 360 нуска, 6-класс үчүн — 667 миң 580 нуска, 7-класс үчүн — 289 миң 930 нуска басылган.
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн “Наристе Алиппе”, “Жазуу жана боёо”, “Алиппеге даярдык” материалдарынын ар бири 90 миң 380 нускадан чыгарылган.
Жаңы окуу жылына карата мектептерди керектүү окуу материалдары менен камсыздоо иштери уланууда.



