Башкы беткеДүйнөВенесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 миңден ашты

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 миңден ашты

Венесуэлада июнь айында катталган күчтүү жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 6125 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 6462 адам куткарылып, 60 миңден ашуун жабырлануучу медициналык жардам алган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө 287 турак жай берилип, өлкө боюнча 43 миңден ашык имараттын абалы текшерилди.

Эске салсак, Венесуэлада 24-июнда күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ирет жер титирөө катталган. Эпицентрлери Яракуй жана Ла-Гуайра штаттарында жайгашкан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар