Башкы беткеДүйнөДүйнөдөгү эң бийик айкел Индияда

Дүйнөдөгү эң бийик айкел Индияда

Индиянын Гуджарат штатындагы Биримдик айкели (Statue of Unity) учурда дүйнөдөгү эң бийик айкел болуп эсептелет. Анын бийиктиги 182 метрди түзөт.

Айкел Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн жана өлкөнү бириктирүүдө чоң роль ойногон мамлекеттик ишмер Валлабхай Пателдин урматына тургузулган. Курулуш иштери 2013-жылы башталып, беш жылда аяктаган.

Бронза менен капталган бул ири курулуш 2018-жылы пайдаланууга берилген. Айкелдин ичинде көрүү аянтчасы жайгашып, ал жерден айлана-чөйрөнү панорамалык түрдө көрүүгө болот. Учурда Биримдик айкели Индиядагы эң популярдуу туристтик жайлардын бири болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар