2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда эң төмөнкү пенсия 8 миң 800 сом болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын кезектеги жогорулатылышы пенсионерлер үчүн жакшы колдоо болот.
Учурда эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 100 сомду түзөт. Октябрь айынан тартып ал 1 миң 700 сомго, же болжол менен 24 пайызга көбөйүп, 8 миң 800 сомго жетет.
Пенсияларды индексациялоонун тартиби, жогорулатуу канча пенсионерге тиешелүү болору жана бул үчүн канча каражат талап кылынары тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.



