Башкы беткеМинистрлер кабинети«Достук» өткөрмө бекетинде 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

«Достук» өткөрмө бекетинде 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

«Достук» карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунда Өзбекстандан импорттолуп келе жаткан 24 770 килограмм пияздын өлкөгө киргизилишине уруксат берилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү маркировкалоо белгилери жок экени аныкталган.

Мыйзам талаптарына ылайык, жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, тиешелүү фитосанитардык чаралар көрүлгөндөн кийин ал экспорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды.

Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгы мамлекеттик фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын жана өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар