Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусунун тургундарын кабыл алып, алардын кайрылууларын укту.
Кабыл алууда Өзгөн районунун тургуну алма сактоочу ири транспорттук-логистикалык борборду курууга мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү маселесин көтөрдү. Министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жана банктарга каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары, Чоң-Алай районунун тургундары мал сатуучу өткөрүп берүүчү база уюштуруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бул маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге Кара-Суу районунун акими менен биргеликте ылайыктуу жер тилкесин аныктап, мыйзам чегинде кароо тапшырмасы берилди.




