Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана өлкөнүн ички рыногун камсыздоо маселеси боюнча тармактагы компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Жолугушууда жаңы импорттук келишимдердин аткарылышы, ички жана эл аралык рыноктогу кырдаал, ошондой эле компаниялардын кампаларындагы күйүүчү майдын запасы талкууланды.
Эрлист Акунбеков мамлекеттик субсидия өз убагында берилип жатканын белгилеп, бардык аймактардагы май куюучу жайлар үзгүлтүксүз иштеп, күйүүчү майды сатууда эч кандай чектөө болбошу керектигин айтты.
Жыйындын соңунда мунай продуктуларын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди тездетүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана рыноктогу мониторингди күчөтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.



