Кыргызстанда 40 райондогу ооруканаларды жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу боюнча иштер аткарылууда.
“Жалпысынан 40 райондо ооруканалар жаңыдан курулат же оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Медициналык жабдуулар боюнча да маселелер бар. Аларга каражат бөлүнүп жатат. Көпчүлүк маселелерди быйыл чече албасак дагы, кийинки жылдын бюджетине киргизип, этап-этабы менен чечишибиз керек. Элдин ден соолугу биз үчүн маанилүү”, — деди Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасы медициналык инфраструктураны жакшыртуу жана ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу иштери улантыларын белгиледи.


