Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун долбоорлору 900гө чукул жумуш ордун түздү

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун долбоорлору 900гө чукул жумуш ордун түздү

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду өнөр жайды модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана өндүрүштүк кооперацияны чыңдоого багытталган долбоорлорду каржылоону улантууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы наркы 100,5 млн АКШ долларын түзгөн 37 долбоор жактырылган. Анын ичинен 61,2 млн АКШ доллары Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланды.

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында 883 жаңы жумуш орду түзүлүп, 367 даана атайын жана коммерциялык техника жеткирилди.

Ошондой эле долбоорлордун натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү 40 млн АКШ долларына көбөйгөнү белгиленди.

Фонд текстиль өнөр жайы, энергетика, логистика, өндүрүш, муниципалдык инфраструктура жана коомдук транспортту жаңылоо багытындагы долбоорлорду каржылоодо.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар