Башкы беткеМинистрлер кабинетиРоссия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары 1 млрд доллардан ашты

Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялары 1 млрд доллардан ашты

Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы эки тараптуу каржылоонун эң ири институту бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015–2025-жылдар аралыгында фонд тарабынан жалпы суммасы 1 млрд 28 млн АКШ долларын түзгөн 3696 долбоор каржыланган.

Анын ичинен 163 ири инвестициялык долбоорго 735,4 млн доллар, ал эми 3533 чакан жана орто бизнес долбооруна 292,5 млн доллар бөлүнгөн.

Фонддун инвестициялары агроөнөр жай комплекси, өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү, кайра жаралуучу энергетика, транспорт, инфраструктура, туризм жана санариптик технологиялар тармактарына багытталган.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча фонд каржылаган ишканалар 172,9 млрд сом киреше таап, 342,7 млн АКШ долларына продукция экспорттогон. Ошондой эле алар 9,8 млрд сом салык төлөп, 33,7 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түзгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар