Кыргызстандын 20 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери JDS стипендиялык программасынын алкагында Жапонияда билим алууга жөнөп жатат. Алар менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту.
Жолугушууда Улан Маматканов мамлекеттин өнүгүүсүндө билимдүү жана кесипкөй кадрлардын ролу өзгөчө экенин белгилеп, Жапониянын Кыргызстандагы Элчилигине, Жапон эл аралык кызматташтык агенттигине жана Жапон эл аралык кызматташтык борборуна көп жылдык кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда JDS программасын улантуу боюнча жаңы келишимге кол коюлуп, долбоорду ишке ашырууга 381 млн иен өлчөмүндө грант бөлүнгөн. Бул каражат мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатууга жана өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын чыңдоого багытталган.
Быйыл JDS программасы аркылуу 19 мамлекеттик кызматкер магистратурада, бир кызматкер докторантурада билим алат. Ал эми 2006-жылдан бери бул программа аркылуу 300дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Жапонияда окуп, кесиптик квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.


