Эл аралык окумуштуулар тобу Күндүн бетинин эң так сүрөттөрүн алышты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат агенттиктери маалымдады.
Сүрөттөр АКШнын Улуттук илим фондунун Гавайидеги Дэниел К. Иноуэ атындагы күн телескобу аркылуу алынган. Анда Күндүн бетиндеги плазманын кыймылы жана мурда байкалбаган өзгөчө түзүлүштөр көрсөтүлгөн.
Окумуштуулардын айтымында, жаңы маалыматтар Күндөгү жарылууларды жана короналдык масса чыгарылууларын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Мындай кубулуштар Жердеги байланыш системаларына жана спутниктердин ишине таасир этиши мүмкүн.
Изилдөөнүн жыйынтыгы “Nature” илимий журналында жарыяланды.



