Башкы беткеМинистрлер кабинетиНоокенде айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбор курулат

Ноокенде айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борбор курулат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда курула турган транспорттук-логистикалык борбордун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы Кен-Сай тилкесинде ишке ашырылат.

Жаңы борбор айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана ташуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Анын курулушу түшүмдү сапаттуу сактоого, мөмө-жемиштерди ички жана тышкы рынокторго өз убагында жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле долбоор аймактагы айыл чарба тармагынын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Учурда даярдалган эскиздик долбоор белгиленген тартипте кароодон өткөрүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар