Кыргызстанда учурда мамлекеттин эсебинен 4 714 бейтап бөйрөктү алмаштыруучу терапия — гемодиализ кызматын алып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, бюджеттик гемодиализ программасы саламаттык сактоо тармагындагы ири социалдык багыттагы долбоорлордун бири болуп саналат. Ар бир бейтап жумасына үч жолу процедурадан өтөт, анын бир жолку баасы 6 500 сомду түзөт.
Бейтаптарды мамлекеттик программага киргизүү медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Арыздар атайын комиссия тарабынан жума сайын каралып, орточо эсеп менен 15–25 жаңы кайрылуу талкууланат.
Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы жылдары бюджеттик гемодиализ алуу боюнча кезек күтүү маселеси жаралган эмес. Комиссиянын оң чечиминен кийин бейтап маалымат базасына киргизилип, бош орундар болгон учурда каалаган медициналык борбордон кызмат ала алат.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарынын сапатын көзөмөлдөө, бейтаптарды эсепке алуу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.
Министрлик бул маалыматты Башкы прокуратура жарыялаган маалыматка байланыштуу берип, тергөө иштеринин алкагында укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын билдирди.



