Чолпон-Ата шаарында VIII Кыргызстан–Россия экономикалык форуму жана XII Кыргызстан–Россия аймактар аралык конференциясы өз ишин баштады. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алдында өтүүдө.
Форумдун ачылышында президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путин катышуучуларга видеокайрылуу жолдошту. Андан соң Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев форумдун катышуучуларын куттуктап, кыргыз-орус кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде өнүгүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, форум биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, аймактар аралык байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле Кыргызстан россиялык өнөктөштөр менен инвестиция, өнөр жай, энергетика, транспорт жана туризм тармактарында жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени айтылды.



