Башкы беткеМинистрлер кабинетиАвгусттун аягында Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май келет

Августтун аягында Россиядан 100 миң тонна күйүүчү май келет

Россия өзүндөгү күйүүчү-майлоочу май тартыштыгына карабастан, Кыргызстанга 100 миң тонна мунай бөлүүгө макул болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, бул маселе эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосундагы макулдашуулардын алкагында чечилди.

“Эң башкысы тартыштык жаралышына жол бербөө керек. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясы бизге 100 миң тонна мунай бөлүүгө макулдугун берди. Бул — эки президенттин сүйлөшүүсүнүн натыйжасы. Өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырма бергенден кийин биз Россияга барып, маселени оң жакка чечип келдик. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишим түзүлдү, эми ушул айдын аягына чейин күйүүчү май келе баштайт”, — деди Амангелдиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар