Башкы бетке∅«Кыргызстан аэропорттору» ААКта жарандык коргонуунун абалы текшерилүүдө

«Кыргызстан аэропорттору» ААКта жарандык коргонуунун абалы текшерилүүдө

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунда жарандык коргонуунун абалын баалоо иштери башталды. Текшерүү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асановдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Адистер компаниянын ири кырсыктар, өрт, кыйроолор жана башка өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттерге даярдыгын баалашууда. Текшерүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү, эвакуациялоо чыгууларынын абалын, кызматкерлерди кабарлоо жана чогултуу тартибин, ошондой эле жумушчулардын практикалык аракеттерин камтыйт.

Өзгөчө көңүл жетекчилик документтердин, жарандык коргонууну уюштуруу пландарынын болушуна жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө бурулууда. Баалоо аяктагандан кийин компаниянын жетекчилиги жана атайын комиссия жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүп, анда текшерүүнүн жыйынтыктары каралат жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар белгиленет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар