Башкы беткеМинистрлер кабинетиКазакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Чолпон-Ата шаарына келди

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Чолпон-Ата шаарына келди

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны 6-7-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана байкоочу өлкөлөрдүн делегация башчылары катышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар