Башкы беткеДүйнөАКШда "төрөт туризми" аркылуу жарандык алууга тыюу салынды

АКШда “төрөт туризми” аркылуу жарандык алууга тыюу салынды

АКШ президенти Дональд Трамп чет өлкөлүк жарандардын АКШга атайын барып, бала төрөтүп, баласы аркылуу америкалык жарандык алуу аракетине бөгөт койгон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн администрация башчысынын орун басары Стивен Миллер билдирди.

Анын айтымында, жаңы жарлык төрөлгөн жери боюнча АКШ жарандыгын ала албай турган адамдардын тизмесин кеңейтет.

Ага ылайык, АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк жарандар, чет элдик террордук уюмдардын мүчөлөрү жана башка мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн иш алып барган адамдар бул укуктан пайдалана албайт.

Мындан тышкары, жарлык менен АКШга атайын бала төрөп, кийин баласы аркылуу жарандык алуу максатында барууга багытталган “төрөт туризми” расмий түрдө чектелет.

Ак үйдүн өкүлү Стивен Миллер бул чечимди “тарыхый кадам” деп атап, жаңы эрежелер АКШнын жарандык системасын негизсиз пайдаланууга жол бербей турганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ айрым визалык арыз ээлери үчүн 250 миң долларга чейин камсыздоо төлөмүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы маалымдалган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар