Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында заман талабына ылайык жаңыланган “Чолпон” кинотеатрынын расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана шаар тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө кино искусствосу элдин тарыхын, маданиятын жана дүйнө таанымын чагылдырган маанилүү тармактардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз киносунун дүйнөгө таанылган “Кыргыз керемети” аталышы өлкөнүн бай чыгармачылык мурасынын далили экенин айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кинотеатрлар жөн гана тасма көрсөтүлүүчү жай эмес, маданий жана агартуучулук борборлорго айланып жатат. Мамлекетте улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө жана маданий жайларды жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Жаңыланган “Чолпон” кинотеатрында эми тасмаларды көрсөтүү менен катар кинофестивалдар, жаңы тасмалардын бет ачарлары жана чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлөт.
Кинотеатр Чолпон-Ата шаарынын тургундары жана Ысык-Көлгө келген эс алуучулар үчүн заманбап маданий жайлардын бири болот деп күтүлүүдө. Ачылыш аземинин соңунда кинотеатрды жаңылоого салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирилди.



