Башкы беткеДүйнөЯпониянын түштүк-батыш аралдарына №13 тайфун жакындады

Япониянын түштүк-батыш аралдарына №13 тайфун жакындады

Япониянын түштүк-батышындагы Окинава жана Амами аралдарына №13 күчтүү тайфун жакындап, синоптиктер катуу шамал, нөшөрлүү жаан, бийик толкун жана жер көчкү коркунучу тууралуу эскертишти.

Жапониянын метеорология башкармалыгынын маалыматына караганда, тайфун жума күнү саат 17:00дө Окинава префектурасындагы Наго шаарына жакын жерде болуп, саатына болжол менен 15 чакырым ылдамдыкта батышты көздөй жылган.

Тайфундун борборуна жакын жерде шамалдын ылдамдыгы 162 км/саатка, ал эми шамалдын күчөгөн учурларында 216 км/саатка чейин жетүүдө.

Окинавада 24 саат ичинде жаан-чачындын көлөмү 200 ммге, Амами жана Кюсю аралынын түштүгүндө 180 ммге чейин жетиши мүмкүн. Адистер калкты сел, суу ташкыны, дарыялардын ташып кетиши жана жер көчкү коркунучунан сак болууга чакырышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар