Башкы беткеДүйнөТаиландда 14 жаштагы окуучу мектепте ок чыгарып, 7 адам каза болду

Таиландда 14 жаштагы окуучу мектепте ок чыгарып, 7 адам каза болду

Таиланддын Нонтхабури провинциясындагы мектептердин биринде болгон ок атуудан жети адам каза болуп, дагы 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги маалымдады.

Каза болгондордун арасында үч мугалим, үч окуучу жана кол салган өспүрүм бар. Ал окуядан кийин өз жанын кыйган. Жабыркагандардын экөө оор абалда экени айтылууда.

Полициянын маалыматына караганда, кол салган адам 14 жаштагы мектеп окуучусу болгон. Ал мектепте кеминде 26 жолу ок чыгарган. Кармалгандан кийин анын жанынан дагы ок-дары табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, колдонулган курал өспүрүмдүн чоң атасына таандык болгон. Ошондой эле полиция окуучу мектепке келгенге чейин үйүндө чоң энеси менен чоң атасын атып өлтүрүшү мүмкүн экенин иликтеп жатат.

Бул окуя Таиландда 2022-жылдан бери адам өмүрүн эң көп алган куралдуу кол салуулардын бири болуп калды. Маалыматка ылайык, бул өлкөдө быйыл мектепте катталган экинчи ок атуу фактысы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар