8-августта “Кыргыз Туусу” басма үйү менен Кытайдын “Жэньминь жибао” гезитинин журналисттери Кыргызстандагы ири инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду камтыган биргелешкен пресс-турдун жыйынтыгын чыгарышты.
Жети күнгө созулган сапардын жүрүшүндө журналисттер өлкөнүн бир катар аймактарын кыдырып, энергетика, айыл чарба, транспорт, ирригация жана экология тармагындагы долбоорлор менен жеринен таанышты.
Алар “Барскоон–Бедел”, “Альтернативдик Түндүк–Түштүк” автожолдору, Бишкектин Түндүк айланма жолу, Манас аэропортунун жанындагы жол өткөөлү, күн электр станциясы жана башка объектилерди көрүштү.
“Жэньминь жибаонун” Борбордук Азиядагы кабарчысы Ли Цзянь сапардын маанилүүлүгүн белгилеп, журналисттер долбоорлордун жергиликтүү калктын жашоосуна тийгизген таасирин көрүүгө мүмкүнчүлүк алганын айтты.
“Биз Бишкектен чыгып, шаарларды жана тоолуу аймактарды кыдырдык. Энергетика, айыл чарбасы, транспорттук инфраструктура, тарыхый мурастар жана экологияны коргоо объекттерин жеринен көрдүк. Билдирүүдөгү сандардан да маанилүүсү — жергиликтүү калк менен баарлашып, достук мамиле курганыбыз болду”, — деди ал.
Ошондой эле “Кыргыз Туусу”, “Жэньминь жибао” жана англис тилдүү “Global Times” басылмасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды. Тараптар биргелешкен медиа долбоорлорду улантып, журналисттердин кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Мындан тышкары, келечекте Кыргызстандын түштүгүндөгү ири объектилерге, анын ичинде “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушуна арналган өзүнчө журналисттик сапар уюштуруу сунушталды.



