Башкы беткеДүйнөДүйнөлүк рынокто мунайдын баасы өстү

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы өстү

10-августтун таңына карата дүйнөлүк рынокто мунайдын негизги маркаларынын баасы жогорулады.

Brent мунайынын баасы 1,01% өсүп, баррелине 84,39 долларды түздү. Ал эми америкалык WTI мунайы 0,75% кымбаттап, 78,81 долларга жетти.

Urals мунайынын баасы дээрлик 4% өсүп, баррелине 79,19 доллар болду.

Мунайдын кымбатташына Ормуз кысыгындагы кырдаал жана АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу белгисиздик негизги факторлордун бири болууда. Инвесторлор кысык аркылуу мунай ташыган кемелердин мындан аркы өтүү режими боюнча маалыматтарды этияттык менен баалап жатышат.

Буга чейин Иран менен Омандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүү маселеси боюнча макулдашууга жакындаганы кабарланган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар