Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖол курууда ресайклинг технологиясы колдонула баштады

Жол курууда ресайклинг технологиясы колдонула баштады

Кант АБЗ автомобиль жолун асфальттоо иштеринде ресайклинг технологиясы өлкөдө биринчи жолу колдонула баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган технологиянын негизинде жолдун эски асфальт катмары атайын техника менен ошол жерде эле кайра иштетилип, шагыл жана башка керектүү материалдар кошулат. Натыйжада, асфальт басууга чейинки жолдун негизи даярдалат. Кайра анын үстүнө жаңы асфальт катмары төшөлөт.

«Бул технология чыгымдарды азайтып, жаратылыш ресурстарын үнөмдөйт. Ошондой эле курулуш мөөнөтүн кыскартып, жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо иштерин тездетет. Бул ыкма башка өлкөлөрдө да көп жылдан бери кеңири колдонулуп келет», – деп айтылат маалыматта.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар