Башкы беткеДүйнөФранцияда токой өрттөрүнүн чыгуусуна 420 адам шектелүүдө

Францияда токой өрттөрүнүн чыгуусуна 420 адам шектелүүдө

Францияда токой өрттөрүнө атайылап же кокусунан себеп болушу мүмкүн болгон аракеттерге шектелген 420 адам кармалды. Алардын арасында 166 жашы жете элек өспүрүм бар. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрли билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын айрымдары токойлорду атайылап өрттөөгө шектелүүдө. Мисалы, Вар департаментинде 23 жаштагы эркек киши беш күндүн ичинде 10 имаратты атайылап өрттөгөн деп айыпталууда. Эгер күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, 150 миң еврого чейин айып пул төлөшү мүмкүн.

Ошол эле учурда Францияда ысык жана кургак аба ырайынан улам жаңы өрттөрдүн чыгуу коркунучу жогору бойдон калууда. Токой өрттөрү айлана-чөйрөгө, турак жайларга, жергиликтүү бизнеске жана туризм тармагына олуттуу зыян келтирүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар