Башкы беткеКоомБишкекте Көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрүүгө эки фан-зона даярдалат

Бишкекте Көчмөндөр оюндарын түз эфирде көрүүгө эки фан-зона даярдалат

Быйыл өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Бишкектин Октябрь районунда эки фан-зона иштейт.

Фан-зоналар Тунгуч кичирайонундагы “Тунгуч-1” скверине жана “Ынтымак-2” паркындагы амфитеатрга жайгаштырылат.

Аянтчаларга LED-экрандар орнотулуп, Көчмөндөр оюндарынын мелдештери түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле фан-зоналарда маданий жана көңүл ачуучу программалар уюштурулат.

Иш-чаралардын алкагында кыргыз эстрадасынын өкүлдөрүнүн концерттери, улуттук оюндар жана тематикалык программалар өтөт. Келгендер кыргыздын салттуу оюн-зоокторуна катыша алышат.

Мындан тышкары, фан-зоналарда фуд-корттор, балдар жана чоңдор үчүн оюн-зоок жайлары иштейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар