Башкы беткеЭкономикаБалык эскпорту көбөйдү

Балык эскпорту көбөйдү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында 746,7 тонна балык продукциясы экспорттолду. Бул 2025-жылы экспорттолгон жалпы 857,6 тонна балык продукциясынын 87 пайызын түзөт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык балык продукциясы негизинен Россия жана Казакстанга экспорттолот.

Учурда өлкөдө балык продукциясын экспорттоо менен 9 ишкана алектенет. Алардын продукциясы ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга ылайык экспорттук рынокторго чыгарылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги балык чарбасын өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, ички рынокту камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар