Бишкекте 19-августта Сеул искусство жана маданият фондунун (SFAC) катышуусунда «Театр алдыга умтулат» аттуу атайын театрлык программа өтөт. Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эл аралык маданий алмашуу программасынын алкагында уюштурулуп, Сеул искусство жана маданият фондунун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон сапарына арналат.
Программа кыргызстандык көрүүчүлөрдү Түштүк Кореянын заманбап театр искусствосу, кореялык артисттердин чыгармачылыгы жана театр маданиятындагы актуалдуу багыттар менен тааныштырат.
Бишкек Сеул, Ташкент жана Астана шаарлары менен катар программанын эл аралык гастролдук маршрутундагы шаарлардын бири болот. Иш-чара Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, чыгармачыл чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн кесиптик кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.
Өткөрүлүүчү жайы: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Күнү: 19-август, 2026-жыл
Башталышы: 19:00
Кирүү: акысыз




