Башкы беткеИлимИзилдөө: тепкич менен көтөрүлүү жүрөк ооруларына пайда

Изилдөө: тепкич менен көтөрүлүү жүрөк ооруларына пайда

Тепкич менен үзгүлтүксүз көтөрүлүп туруу жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуу коркунучун азайтат. Мындай жыйынтык Чыгыш Англия университети жана Норфолк менен Норвич университеттик ооруканасынын изилдөөчүлөрүнүн жаңы эмгегинде айтылат.

Окумуштуулар тогуз изилдөөнүн негизинде 35–84 жаштагы 480 миңден ашуун адамдын маалыматтарын талдап чыгышкан. Катышуучулар орто эсеп менен 14 жыл байкоодо болгон.

Маалыматка ылайык, тепкич менен үзгүлтүксүз көтөрүлгөн адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүм коркунучу тепкичти сейрек колдонгондорго салыштырмалуу 39 пайызга, бардык себептерден каза болуу коркунучу 24 пайызга төмөн болгон. Ошондой эле инфаркт, инсульт жана жүрөк жетишсиздиги сыяктуу олуттуу оорулардын коркунучу төмөн экени аныкталган.

Адистердин айтымында, күнүмдүк жашоодо лифттин ордуна тепкичти тандоо физикалык активдүүлүктү көбөйтүүнүн жөнөкөй жолу болуп саналат. Изилдөөдө тепкич менен бир нече мүнөттөн жумасына бир нече жолу көтөрүлүүнүн өзү жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын ишине оң таасир бериши мүмкүн экени белгиленген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар