“Түндүк” ААК жарандарды уюмдун атын жамынып, жеке маалыматтарды сураган шылуундардан сак болууга чакырды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Түндүктүн” кызматкерлери жарандардан ПИН-кодун, сыр сөзүн, паспортунун же банк картасынын реквизиттерин сурабайт.
Эгер уюмдун атынан шектүү чалуу же билдирүү келсе, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, жеке маалыматтарды бербөө сунушталат.
“Түндүк” ААК менен байланышуу үчүн төмөнкү расмий номерлерди колдонууга болот:
0990 988 123
0707 988 123
0222 988 123
Ошондой эле [email protected] электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.



