Башкы беткеКоомКыргызстанда эгиндин 57,1 пайызы оруп-жыйналып бүттү

Кыргызстанда эгиндин 57,1 пайызы оруп-жыйналып бүттү

Кыргызстанда быйылкы эгин оруп-жыюу иштери активдүү уланууда. Өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1 пайызына же 352,7 миң гектарына түшүм жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп.

Кампаларга жалпы 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым былтыркыга караганда 6,9 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.

Буудайдын түшүмү быйыл өзгөчө жогору болууда. Учурда анын пландалган аянттарынын 80,2 пайызы жыйналып, жалпы дүң жыйым өткөн жылга салыштырмалуу 30,8 пайызга өскөн.

Арпанын да пландалган аянттарынын 59 пайызы жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 25,1 центнерди түздү. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 15,1 пайызга жогору. Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.

Аймактар боюнча Чүй облусунда пландалган аянттардын 63 пайызы жыйналды. Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу 20,1 пайыздык өсүш катталды. Жалал-Абадда 56,5 пайыз, Баткенде 62,3 пайыз аянттан түшүм алынды.

Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу массалык оруп-жыюу иштери эми күчүнө кирүүдө.

Мындан тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн өндүрүүдө да өсүш бар. Өткөн жылга салыштырмалуу жашылча 6,1 пайызга, картошка 7,9 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 20,4 пайызга көбөйдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар