Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 триллион 172,7 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ИДП өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайызга өскөн.
Экономикалык өсүш негизинен курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода, ошондой эле өнөр жай тармактарындагы оң көрсөткүчтөрдүн эсебинен камсыздалган.



